Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Путин “каарын” кайрылуусунан чыгарды


Орус президенти Владимир Путин
Орус президенти Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин быйылкы жылдык кайрылуусун өлкөнүн ички көйгөйлөрүнө арнады.

Ал дээрлик бир саат бою терроризм коркунучу, энелерди колдоону узартуу жана сот калыстары тууралуу маселелерди чечмеледи. Түркияны террорчулукка көмөктөшкөн деген айыптоосун кайталаган Путин анын жетекчилигин "Аллах жазалады" деп мурда эч качан айтпаган сөз айкашын биринчи жолу колдонду.

Бир жылда өзгөргөн “приоритеттер”

Президент Владимир Путиндин 3-декабрда Федералдык жыйындагы жылдык кайрылуусу адаттан тыш кыска болуп, көбүнчө өлкөнүн ички көйгөйлөрүнө багытталды. Путин тышкы саясаттан эл аралык терроризм, Түркия чатагы, Кытай жана Вьетнам менен кызматташууну эске салды. Кайрылууда АКШ же Европанын кайсы бир өлкөсү аталбады. Былтыркысынан айырмаланып, Украина маселеси да көтөрүлбөдү. Путиндин былтыркы жылдык кайрылуусунда Украинанын аты 17 жолу аталган болчу. Бул жолу орусиялык президенттин сөзүндө аннексияланган Крым бир гана ирет, болгондо дагы “орус рухуна” байланыштуу эске алынды. Ошол эле кезде жүк ташыган айдоочулардын бүткүл орусиялык каршылык акциясы тууралуу бир да сөз козголбоду. Путин укук тутумун өзгөртүүгө токтолуп, сот арачыларынын санын кыскартууну сунуштады.

Энеликти колдоо капиталы

Ошондой эле энеликти колдоо программасы дагы эки жылга узартыла турган болду. Путин муну демографиялык кырдаалды андан ары жакшыртууга багытталган чара катары белгиледи. Анткени бул программа 2007-жылы өлкөдөгү төрөттүн көрсөткүчү кескин төмөндөп кеткен жагдайда киргизилген. Ал Орусияда мунайдын кирешеси кыскарып, казына каатчылыгы күчөгөн шартта пенсиялык фонддун эсебинен улантылары көрсөтүлгөн. Бирок эми пенсиялык фонддун өзүндөгү таңкыстыкты эске алганда мындан ары пенсия өлчөмү кыскарышы мүмкүн. Бирок президент Путин кандай болбосун учурунда өзүнө чоң атак алып келген популярдуу бул программаны узартуу керектигин айтты:

- Мунун бардыгы өтмүштүн демографиялык жараатын дарылоого аздык кылат. Албетте, биз бул чыгымдар бюджет үчүн оорчулукту алып келерин билебиз. Анткени бул өтө чоң сумма. Биз муну аягына чейин төлөөгө туруштук бере алабызбы деп мурда дагы айтып келгенбиз. Бирок биз баары бир бул программаны дагы эки жылга узартып, аны каржылоону токтотпойбуз.

Андан ары карай президент Владимир Путин алыскы аралыктагы чектен коркунуч жараткан терроризмге токтолду. Ал Орусия өлкөнүн ичиндеги террорчулукту түп-орду менен жок кылганын айтып, бирок учурда сыртта калган анын калдыктары менен күрөш жүрүп жатканын белгиледи. Путин өзүнүн сөзүндө бүтүндөй дүйнө цивилизациясын терроризмден коргоо үчүн Орусия чет өлкөлөрдө дагы аскер операцияларын жүргүзүүгө мажбур экенин кыйытты. Путин “биз режимдерди оодаруу менен алектенбейбиз, биз террористтерди гана жок кылабыз” деп билдирди. Бирок Сириядагы операция башталганда эксперттер бул Орусия үчүн “экинчи Ооганстан” болушу мүмкүн деп эскертишкен.

Путин: Аллах жазалады

Андан ары Путин терроризм көйгөйүн улап, Түркия президентинин үй-бүлөсүнүн террорчулар карактаган мунайды сатып, байып жатканын кайталап, аны кечирилгис чыккынчылык деп атады. Ошондой эле президент Владимир Путин Түркиянын жетекчилигине карата каарын төгүп жатып, эл алдында биринчи жолу Аллахты оозанды:

-Урматтуу кесиптештер, мен алар эмне үчүн муну жасашканын түшүнө албайм. Кайсы гана маселе болбосун, эмне гана көйгөй болбосун жана кандай келишпестик чыкпасын анын бардыгын башкача жол менен чечип алсак болмок. Алардын бул ишти эмнеге жасаганын бир гана Аллах билет. Менимче, Аллах Түркиянын бир ууч башкаруучусун акыл-эстен ажыратып, жазалады окшойт.

“Аллах акыл-эстен ажыраткан” деген сөз айкашы Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун сүйүктүү сүйлөмү катары интернет колдонуучулар арасында белгилүү болчу. Президент Путин орус-түрк мамилеси курчуп турган учурда бул сөз айкашын биринчи жолу эл алдында колдонду. Бул сөз айкашын өлкө башчы кандай максатка багыттаганы жана кандай кызыкчылыкты көздөгөнү белгисиз. Ошол эле кезде Түркиянын президенти Эрдоган Путиндин койгон дооматын четке кагып, анын террорчулар мене байланышы далилденсе кызматтан кетүүгө даяр экенин жарыялаган. “Бирок бул доомат далилденбей калса, Путин кызматтан кете алар бекен?” – деген эле түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган.

XS
SM
MD
LG