Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

АКШ-Орусия Сирия боюнча “орток таяныч” табууда


Кремлде Путин менен Керри жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Кремлде Путин менен Керри жолугушту, 15.12.2015

Москвада Орусия-АКШ сүйлөшүүлөрү өттү. Мамлекеттик катчы Жон Керринин президент Владимир Путин баштаган орус бийликтери менен сүйлөшүүлөрүнүн негизги маселеси Сирия кризиси болду. Тараптар бул өлкөдөгү жарандык согушту токтотуп, саясий жараянга өтүү жолдору боюнча “орток таяныч” табууга аракеттенгени айтылды.

Орусияга быйыл экинчи ирет келген Жон Керри адегенде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен үч сааттан ашуун жолукту.

Андан соң шейшемби кечке жуук Кремлде президент Владимир Путин менен да үч сааттан ашуун сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Москва менен Вашингтон негизги бөлүгү жабык өткөн сүйлөшүүлөрдө талкуулаган маселелердин айрым өңүттөрүн эки өлкөнүн тышкы саясий мекеме жетекчилери кечээ түнкү басма сөз жыйында учкай ачыкташты.

Мамлекеттик катчы Жон Керринин айтымында, АКШ менен Орусия Сириянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырыла турган оппозициячыл топтору боюна “орток таянычка” жетишти.

Керри кошумчалагандай учурда Сирияда бүткүл өлкө боюнча ок атышууну токтотууга жетишүүнүн негиздери даярдалып жатат.

Керри ошондой эле АКШ Орусия менен “Ислам мамлекети” тобун талкалоо багытында бирге иштешип, бул топ менен Сириядагы “ал-Нусра” тобу да сүйлөшүүлөргө катыштырылбай турганын кошумчалады.

АКШ Мамкатчысы белгилегендей, Москва менен Вашингтон ошондой эле Сирияда антитеррордук операция өткөрүлүүчү жерлер жана алардын мөөнөтү боюнча маалымат алмашып туруу жагын да талкуулады.

Керринин Москвадагы жолугушууларынан соң дүйнө державаларынын Сирия кризиси боюнча сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы мурда мерчемделгендей, 18-декабрда Нью-Йоркто, Улуттар Уюмунда өтө турганы анык болду.

Ал сүйлөшүүлөрдүн артынан БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын резолюциясын кабыл алуу аракети да көрүлөт.

Асад маселеси али ачык бойдон калды

АКШ менен Орусия ортосунда Сирия боюнча пикир келишпестиктин өзөк маселеси - Сирия президентти Башар Асаддын саясий болочогу эле.

Вашингтон жана анын өнөктөштөрү колу канга малынган Асад Сириянын беш жылга жакындап калган жарандык согушун жөнгөрүү боюнча саясий жараяндын бир бөлүгү боло албайт, ал бийликтен кетиши деп эсептөөдө.

Орусия болсо бул турумду четке кагып, өз лидерин Сирия эли гана тандоосу керек, ал эми Асаддын армиясын “Ислам мамлекети” тобун жеңүүгө жөндөмдүү күч деп санайт.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Мамлекеттик катчы Керринин айтымында, Сириядагы саясий жараян гана талкууланды. Ал эми президент Асадда келечекте Сириянын лидери болуу мүмкүнчүлүгү жок.

АКШ менен Орусиянын бул жолку сүйлөшүүлөрү Сауд Аравия ислам өлкөлөрүнүн Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы өзүнчө коалиция түзүлгөнүн жарыялаган учурга туш келди.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москва ал коалициянын иш мерчемдери тууралуу көбүрөөк жана тагыраак маалыматтарды күтөт.

Өткөн аптада Саудиядагы кеңешмеде Асаддын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Сириянын оппозициячыл топторун бириктирүү жагы макулдашылган.

Орусия Эр-Рияддагы жыйындын жыйынтыгын четке кагып, ал жерге келгендер Сириянын бүткүл оппозициясынын атынан сүйлөй албайт деп билдирген.

Орусиялык талдоочу Алексей Малашенко Москва менен Вашингтон сүйлөшүүлөр аркылуу Сирия боюнча орток пикир тапкан күндө деле кризисти жөнгөрүү менен байланышкан көп нерсе жеринде окуялардын өнүгүшүнө көз каранды болорун айтат. Ал “Азаттыктын” орус кызматы уюштурган талкууда:

-Сириялыктар өзүн кандай алып барат. Муну болжолдоого азырынча эрте. Ал эми “Ислам мамлекети” тобун айтпай эле коеюн.. Азыр баардык көңүл Сирияга, президент Башар Асаддын маселесине бурулуп жатканы түшүнүктүү. Мисалы, коалиция, өткөөл жараян маселеси жөнгө салынгандан кийин деле Сирияда, Ирактын аймактарына жайгашып алган исламчылардын таасири өсүшү мүмкүн. Күрттөр жөнүндө унчукпай эле турайын. Азыр ал жакта баары чиеленишип кетти. Баарын мурдагыдай бир-эки державанын деңгээлинде эле чечип салуу мүмкүн эмес болсо керек. Керринин Москвага сапарына, сүйлөшүүлөрүнө чоң маани берген күндө деле биз тышкы эле эмес, ички факторду да эске алуубуз абзел.

Сирияда жарандык согуш тутанганына беш жылга жакындап калды. 2011-жылдын жазынан берки кагылыштардан улам 220 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Төрт миллиондой сириялык качкын болуп кетти.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG