Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:06

Иран: байистүүлөрдүн ийгилиги бекемделди


Ирандагы реформачылардын шайлоо өнөктүгү. 20-февраль, 2016-жылы тартылган сүрөт.
Ирандагы реформачылардын шайлоо өнөктүгү. 20-февраль, 2016-жылы тартылган сүрөт.

Иранда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында байистүүлөрдүн жана реформачылардын ийгилиги бекемделди. Талдоочулар муну президент Хасан Роуханинин Иранды эл аралык экономикалык изоляциядан чыгарууга багытталган саясатына карата калк арасындагы колдоонун белгиси катары сыпатташууда.

Өткөн жума күндөгү добуш берүүдөн кийин парламенттеги калган 68 орундун ээлери аныкталды.

Экинчи айлампанын жыйынтыктары көргөзгөндөй, анда азыркы президент Хасан Роуханинин таламдаштары байистүү жана реформачыл саясий лагердин өкүлдөрү дагы отуздан ашуун орунду жеңип алышты. Жыйырмадан ашуун шайлоо округунда эскичилдер, ондой округда көз карандысыз талапкерлер ийгиликке жетишти.

Эгер шайлоонун эки айлампасынын буга чейин билинген жыйынтыгы бекитилсе, байистүүлөр менен реформачылар бириккенде 290 орундуу парламентте кеминде 133 орунга ээ болушат, 125 мандат консерваторлорго тийсе, калган 32 орунду өзүн көз карандысыз деп санаган саясатчылар жана азчылыктардын өкүлдөрү алат.

Талдоочулар азыркы шайлоонун жыйынтыктары менен Ирандын буга чейин консерваторлор жана катаал турумду кармангандар көзөмөлдөгөн парламентинин президент Хасан Роуханинин саясатына каршы аракеттери нейтралдаша турганына көңүл бурушууда:

- Иран Батыш менен мамилесин нормалдаштыра турган келишимге кол койду. Шайлоонун экинчи айлампасында да калктын басымдуу бөлүгүнүн байистүүлөр жана реформачылар лагери үчүн добуш бериши бизде кийинки парламент менен өкмөттүн ортосунда макулдашуу, карым-катнаш, кызматташуу көбүрөөк болот дегенди билдирет, - деди тегерандык саясий талдоочу Ганбар Надири.

Роуханинин өкмөтү былтыр дүйнө державалары менен түзгөн макулдашуу Иран талаштуу өзөктүк программасын кыскартуусун, мунун ордуна ага каршы киргизилген санкциялар жоюлуусун караган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00
Түз линк

Экинчи айлампада добуш берүү учуру. 29-апрель, 2016-жыл.
Экинчи айлампада добуш берүү учуру. 29-апрель, 2016-жыл.

Келишимдин экономикалык пайдасын ирандыктар эми гана сезе баштады.

Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан глобалдык санкциялардын баары жоюлганы менен АКШ өзү башка маселелерден улам киргизген каржылык чектөөлөр, Конгресстин санкциялары али сакталууда:

- Ал Кошмо Штаттардын өкмөтүн калган санкцияларды жоюуга ынандыра алуусу керек. Президент Роухани АКШ менен сүйлөшүүнү улантып, Иранга карата банктык чектөөлөр алынышына жетишүүсү абзел, - дейт тегерандык саясий талдоочу Ганбар Надири калк жана бизнес президент Роуханиден күткөн кийинки чаралар жөнүндө.

АКШ демекчи президент Барак Обаманын администрациясы буга чейин ал өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелеринин баарын аткарганын, ал эми эл аралык банктардын Иран менен иштешүүдөн этияттанышы алардын өзүнө байланыштуу экенин билдирген.

Парламентке келе турган аял депутаттардын айрымдары.
Парламентке келе турган аял депутаттардын айрымдары.

Талдоочулардын болжолунда эгер жаңы парламент Роуханинин саясатын чындап колдосо, келерки жылдагы президенттик шайлоону утурлай анын бедели дагы артышы ыктымал. Бирок парламент жаңылануусу менен Ирандын ички жана тышкы саясатында олуттуу бурулуп кетиши арсар.

Анткени парламент бюджетти көзөмөлдөп, өкмөттүн отчетун укканы менен алар кабыл алган мыйзамдар эскичилдер үстөмдүк кылган Сакчылар кеңешинин кароосунан өтөт. Ар бир маанилүү маселеде болсо акыркы сөздү жогорку лидер аятолла Али Хаменеи айтат.

Соңку парламенттик шайлоонун Иран үчүн дагы жаңылыгы - аял депутаттардын саны өскөнү. Жаңы парламентте реформачылар лагеринен же көз карандысыз талапкер катары чыккан 18 аял депутат болот. Бул - Иран үчүн рекорддук көрсөткүч.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG