Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Эрдоган май айында АКШ президенти менен жолугат


Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган эмки айда АКШда Дональд Трамп менен жолугушарын айтты. Түрк маалымат каражаттарына 20-апрелде берген интервьюда Эрдоган 15-майда Бээжинге, ал эми 16-17-май күндөрү Комшо Штаттарга барарын билдирди. Ак Үй түрк мамлекет башчынын визити боюнча билдирүү жасай элек. Эрдогандын мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы менен мамилеси оңой эмес болчу. Ак Үй Түркиядагы адам укуктарынын абалын катуу сындап келген. Анкара болсо АКШнын Ирак жана Сириядагы күрт топторуна көрсөткөн колдоосуна ачууланганын жашырчу эмес. Ошондой эле Анкара Вашингтондон былтыркы мамлекеттик төңкөрүштүн артында турат делген динаятчы Фетхулла Гүленди экстрадициялоону талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG