Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Таэквондо боюнча Азия чемпиондугун Ысык-Көлдө өткөрүү сунушталды


Кыргызстандын Таэквандо ассоциациясы таэквондо ITF боюнча 2019-жылдагы Азия чемпиондугун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл аралык таэквондо ITF федерациясынын президенти Чой Жун Хва бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди: 

- Учурда Азия чемпиондугун өткөрүү үчүн Кыргызстан сунуш берди. Кыргызстанга мен алгачкы жолу келдим. Мелдешти бул жакта өткөрүүгө өз добушумду берем.

Чой Жун Хва таэквондо ITF боюнча 22-23-апрелде Бишкекте өтө турган өлкө чемпиондугуна күбө болорун кошумчалады. 

Эл аралык таэквондо ITF федерациясын 1966-жылы Түштүк Кореяда генерал Чхве Хон Хи негиздеген. Ал уюмду көзү өткөнчө 2002-жылга чейин жетектеген. Таэквондо ITF спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнө кирет. (ECh)

 

XS
SM
MD
LG