Ооганстандын Балх провинциясында аскердик униформа кийген бир нече куралчан киши Ооган армиясынын комплексине чабуул коюшту. Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Даулат Вазири сегиз жоокер набыт болгонун, 11и жараланганын билдирди.
- Кол салгандар жүк ташыган чакан машинелерди минип, аскерлердин кийимин кийип жүрүшкөн. Күзөттө турган жоокерге жеткенде ракета атышкан. Аскерлер бир машинаны аткылап токтото алышты, экинчиси мечитке чейин барып, намаз окуп жаткан аскерлерге чабуул коюуга үлгүрүшкөн.
Комплекс Мазари Шариф шаарындагы мечиттин жанында орун алган.
"Талибан" бул чабуулду уюштурганын моюнга алды. 8-апрелде ооган коопсуздук күчтөрүнүн 9 аскери ошол эле чөлкөмдө талип согушерлерине каршы операция маалында жол коюлган бомбадан жан таслим болгон.