Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

21-апрелде мектеп окуучуларын коюп кеткен айдоочу кармалды


Бишкек архивдик сүрөт
Бишкек архивдик сүрөт

Ички иштер министрлиги тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айдоочунун аты-жөнүн ачык айткан жок.

21-апрелде Бакаев жана Ремесленная көчөлөрү кесилишкен жерде №74 мектепте 3-класста окуган эки окуучуну Mersedes-Benz С-class үлгүсүндөгү машине коюп кеткен. Алар жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде бара жатканда кырсыкка кабылган. Айдоочу изин жашырып, унаасын шаардын сыртына таштап, андан ары качып кетүүгө аракет кылган.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон, учурда тергөө жүрүүдө.

Машине коюп кеткен балдар Бишкектеги №3 ооруканага жеткирилген. Алардын абалы оор деп айтылууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG