Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

АКШда хакерлик үчүн айыпталган Селезнев соттолду


Сиэтлдин федералдык соту орусиялык хакер Роман Селезневду 27 жылга эркинен ажыратты.

Орусиядагы Мамлекеттик Думанын депутаты Валерий Селезневдун уулу кредиттик карталарды уурдап, аны "кара базарда" сатканы үчүн айыпталган. Прокуратура Роман Селезнев мындай жол менен каржылык мекемелерге 170 миллиондон ашуун доллар чыгым келтиргенин аныктаган. "Андан жабыркагандардын ичинде 3700 каржылык мекеме, эл аралык 500 компания жана миллиондогон карталардын ээлери бар айтылат" прокуратуранын корутундусунда.

Прокуратура Роман Селезнев Сиэтл сотунун арачылары тааныган 38 кылмышы үчүн өмүр бою абакка кесилиши керек деп эсептейт. Селезнев өзүнө чыгарылган сот чечимин адилетсиз деп баалады.

Орусиянын АКШдагы элчилиги сот чечимине нааразылык билдирди. Ал эми адвокаты апелляциялык арыз даярдалып жатканын маалымдоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG