Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Аба ырайы: жаан жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун чукул билдирүүсү боюнча, буга чейин жаап өткөн жана жаай турган жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу тоолуу аймактарда, тоодогу жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болот. Тоолуу жолдордогу унаалардын ортосу 500 метрден кем болбоого тийиш.

Ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суу кирип, сел жүрүшү ыктымал.

23-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүзү 19…24;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүзү 18…23 градус;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүзү 20…25 градус ысыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүзү 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүзү 12…17 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүзү 2…7 градуска жылыйт.

23-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 7…9°, күндүзгү температурасы 21…23 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG