Миңдеген демонстранттар аталган партиянын курултайы башталган биринчи күнү көчөгө чыгышты.
Айрым жерлерде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу катталды. Полициячы бир кызматкер бетине муш жегени айтылууда. Жергиликтүү басылмалар үч миңдей демонстрант курултай өтүп жаткан мейманкананын имаратын курчап, ага делегаттарды киргизбей жатканын жазышты.
Шаардагы тартипке 4 миң чамалуу полициячы көз салууда.
"Германия үчүн Альтернатива" курултайында шайлоо алдындагы программасын жарыялап, партия тизмесинин лидерин Бундестаг депутаттыгына тандайт деп күтүлүүдө.
Бир нече күн мурда партиянын теңтөрагасы Фрауке Петри партия тизмесин жетектебесин, алдыңкы үч тизмеге да кирбесин билдирген. Ал мындай чечимин партиядагы ич ара келишпестиктерге байланыштырган.
Германиянын парламентин шайлоо быйыл 24-сентябрда болот.