Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Бүгүн Ооганстан аза күтүүдө


Ооганстан.
Ооганстан.

21-апрелде Мазари-Шарифте талиптердин чабуулунан ондогон аскерлер өлгөнүнө байланыштуу президент Ашраф Гани 23-апрелди улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Ооган президенти капсалаң болгон аймакка 22-апрелде барды.

Өкмөттүк маалыматтарда чабуулдан мерт кеткен аскерлердин саны 100дөн ашканы тууралуу айтылып, так саны ачыкталган жок. Атын атагысы келбеген бийлик адамы Reuters агенттигине кеминде 140 киши набыт болгонун айткан, дагы бир булактын маалыматы боюнча өлгөндөрдүн саны андан да көп.

Мурдараак кабарлангандай, он чакты талип өкмөттүк аскерлердин формасын кийип алып, аскер базага чабуул жасашкан. Алар куралсыз жоокерлерге ок чыгарып, минометтон аткылашкан. Жанкечтилер бир нече жардырууларды жасашкан.

Талиптер чабуулда 500 аскер өлтүрүлдү деп билдирип, муну Ооганстандын түндүгүндө өлтүрүлгөн лидерлери үчүн өч алуу деп маалымдашты. Бир нече күн мурун америкалык аскерлер аба соккусунан талиптердин командири жана дагы сегиз согушкер жок кылынганын маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG