Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Жыргалаңда шахта эки кишини басып калды


Сүлүктүдөгү көмүр шахтасы. Сүрөт архивден алынды
Сүлүктүдөгү көмүр шахтасы. Сүрөт архивден алынды

22-апрелде саат 17:35 чамасында шахта көчүп, ал жерде иштеп жаткан эки кишини - Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматовду басып калган. Кырсык тууралуу маалымат айтылгандан бери шахтерлорду куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгына таянып кабарлады. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоровдун жетекчилиги менен атайын оперативдүү штаб түзүлгөн. Куткаруу иштерине жергиликтүү тургундар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана облустук ишканалардын кызматкерлери тартылган.

Кырсык болгон жерде "Жыргалаң-Дорго көмүр" ишканасы көмүр казып жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Жыргалаң көмүр кениндеги кырсыкка техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы себеп болушу ыктымал.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG