Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:15

Президент баш прокурорго Бишкектеги курулуштарды көзөмөлдөөнү тапшырды


22-апрелде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, анын Бишкек шаарындагы архитектура жана шаар куруу жаатында мыйзамдуулуктун сакталашын көзөмөлдөө боюнча маалыматын укту. Башкы прокурордун сөзү боюнча, мыйзамдардагы алешемдиктерди жоюп, ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү оӊдоолорду киргизүүнү демилгелөө жана бул чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары Индира Жолдубаева борбордо мыйзамсыз салынган капиталдык жана чакан объекттер түртүлүп, бул категориядагы мурда козголгон бардык жазык иштерин инвентаризациялоо жүрүп жатканын да айтып берди.

Маалыматты уккан президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага биринчи кезекте өлкө борборунда шаар куруу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылууну тапшырып, буга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.

Бул тууралуу президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG