Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Майлуу-Суу шаарында жер көчкү жүрдү


Көк-Арт дарыясы.
Көк-Арт дарыясы.

Шаардын Кой-Таш тилкесине 22-апрелде көлөмү 100 миң куб метр болгон жер көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган аймакта 1993-1994-жылдары да жер жылып, көчкү жүргөн.

22-апрелде түшкөн көчкү пайдаланылбай турган Сары-Бээ-Майлуу-Суу эски унаа жолуна жана дарыяга түшкөн. Калктуу конуштарга коркунуч алып келген эмес.

19-апрелден тартып өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен жаратылыш кырсыктары арбын орун алып жаткандыктан өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ага ылайык, учурда райондук администрацияларда атайын штабдар уюштурулуп, адистер күнү-түнү иштеп жатышат. Учурда облуста Кара-Дарыя, Кара-Үңкүр жана Чангет-Сай дарыяларында суу кирип, кооптуу кырдаал жаралууда. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG