Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Дамаск: «Израилдин чабуулунан» үч адам курман болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-апрелде Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн лагерине жасалган Израилдин чабуулунан үч аскер набыт кетти. Бул тууралуу Сирия армиясынын расмий өкүлү маалымдады. Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөгөн обсерваториянын маалыматына ылайык, ыктымал чабуул Голан дөбөлөрү деп аталган аймактын Сирия тарабында жайгашкан Кунейтра провинциясындагы Улуттук коргоо күчтөрүнүн лагерине жасалган.

Сириянын мамлекеттик САНА маалымат агенттиги Израилдин чабуулу олуттуу залака тийгизгенин жазса, "Франц-пресс" агенттиги кол салуу абадан же жерден болгону беймаалым экенин кабарлады.

Израил армиясы бул кабарды комментарийлөөдөн баш тартты.

Эки күн мурда Израил Голан дөбөлөрүнө Сирия тараптан атылып жаткан окторго жооп кайтарууга даярдыгын билдирген.

Расмий Дамаск Израилди өкмөткө каршы күрөшүп жаткан оппозициялык күчтөрдү жана жихадчыларды колдоп жатат деп айыптап келет.

Израил 1967-жылкы алты күнгө созулган согушта Сирияга караштуу Голан дөбөлөрүнүн бир ыптасын басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG