Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Франция: президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны жогору


Париждеги добуш берүүчүлөр.
Париждеги добуш берүүчүлөр.

Франциянын Ички иштер министрлиги президенттик шайлоонун биринчи айлампасына келген добуш берүүчүлөрдүн саны 2012-жылкы шайлоодогудай эле жогору экенин маалымдады. Жергиликтүү убакыт боюнча түш ченде өлкөдөгү добуш берүүгө укуктуу жарандардын 28,54 пайызы өз тандоолорун жасашты.

Франция президенттигине талапкерлер да өз добуштарын беришти. Солчулдардын өкүлү Жан-Люк Меланшон Париждин онунчу округундагы шайлоо бекетине келсе, ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен Энен-Бомон шаарында добуш берди. Дал ушул шаардан ал 2007-жылы Улуттук жыйындын депутаттыгына шайланган.

Республикачылар кыймылынын талапкери Франсуа Фийон баш калаанын жетинчи округунда добуш берсе, борборчул Эммануэл Макрон добуш берүү үчүн өлкө түндүгүндөгү Ле-Туке шаарын тандаган.

Шайлоонун экинчи айлампасы жетинчи майга белгиленген. Франция президенттигине он бир талапкер ат салышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG