Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:27

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтө турган өкмөттүк жыйында табигый кырсыктарды алдын алуу маселеси каралмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева "Азаттык" үналгысына маалымдады:​

- Жарандар өздөрүнүн турак жайын камсыздандырууга көп көңүл бурбай жатканы мурдагы өкмөттүк жыйындарда да айтылып келген. Учурда актуалдуу бойдон калып жаткан бул маселе бүгүнкү жыйында да каралат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өтө турган селектордук жыйынга өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү катышат.

Кардын көп жаашы жана жазындагы жаан-чачындын арбын болушуна байланыштуу өлкөнүн ар кайсы аймактарында сел жана суу ташкындары күч алууда.

18-апрелден бери Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында дарыялар ташып, миңдеген гектар жерлерге жана жүздөгөн үйлөргө кооптуу кырдаал жаралган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG