Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Атамбаев Арстанбапта жакынын жоготкондорго көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Арстанбап айылында жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, мындан тышкары Атамбаев өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарды дарылоо жана сакайтуу жагын өзгөчө көзөмөлүнө алууну тапшырды.

23-апрелдин кечинде Жалал-Абад облусунда, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында болжол менен 300 куб метр көчкү жүргөн.

ӨКМ маалымдагандай, Жаңы-Хаят конушунда 8 адам таза суу түтүктөрүн оңдоп жүргөн, алардын 4нү жер көчкү басып калган. Көчкү алдында калгандардын бирөө кырсык болгон жерден, дагы бирөө ооруканага жетпей көз жумган.

Каза болгондор: 2 баланын атасы, 32 жаштагы Абдыкадыр Жолдошев жана 2 баланын атасы, 27 жаштагы Диер Кадыров.

24 жана 55 жаштагы эки тургун азыр ооруканада, бирөөнүн абалы оорураак.

Соңку маалымат боюнча, бүгүн каза болгондордун тажыясына Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов катышты, анда жакындарынан айрылган ар бир үй-бүлөгө президенттин фондунан 50 миң сомдон жардам тапшырылды. (RK/RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG