Бүгүн Кочкордун Семиз-Бел айылында мектеп мугалимдери кайрадан иш таштады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна акциянын уюштуруучуларынын бири, математика мугалими Темирбек Эсеналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда жол боюнда өтүп жаткан нааразылык акциясына 30дан ашуун мугалим катышууда.
- Райондук администрация, райондук билим берүү башкармалыгынан келип мугалимдер менен сүйлөшүштү. Бирок болбой эле мугалимдер чыгууну чечти. Маселебиз чечиле элек. Мисалы, мен жеке өзүмдүкүн айтсам, былтыркы жылдын ноябрына чейин айлыгым 14 миң сом болчу. Эми 7900 сом тийип жатат, - деди Эсеналиев.
Былтыр ноябрда райондук билим берүү башкармалыгынан бул мектепке "маянага ай сайын кошулуучу акча мындан ары төлөнбөйт" деген билдирүү келген. 1,5% коэффициент менен 20% кошумча буга чейин “бийик тоолуу аймак, шарты катаал” деген негизде ката төлөнүп жүргөнү айтылган.
Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе боюнча "кошумча акча 1800 метр бийиктикте жайгашкан мектептерге төлөнөт, ал эми бул мектептики 1790 метр болуп жатат" деген позицияда.
Семиз-Бел айылынын шарты да катаал экенин айткан мугалимдер 10 метрлик айырмага карбастан кошумча акчаны кайра төлөө талабы менен буга чейин да иш таштоого барган. (RK)