Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Чок-Тал – Чолпон-Ата жолуна асфальт сезон башталганча төшөлүп бүтөт


Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Жамшитбек Калилов
Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Жамшитбек Калилов

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун жаңылоого зарыл каражат табылышы менен куруучулар жолду өз маалында жана сапаттуу бүткөрүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев аталган автожолду оңдоо иштери менен таанышып жатып айтты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жаңыланып жаткан автомагистралдын бардык негизги тилкелеринде иш жүрүп жатканын, туристтик сезон башталганга чейин Чок-Тал – Чолпон-Ата тилкесине асфальт төшөө иштери аяктарын билдирди.

Президент Балыкчы – Корумду автомагистралы бардык талаптарга жооп бергидей, жол жээгинде жайгашкан шаарлар менен айылдардын тургундары жана туристтер үчүн коопсуз жана жайлуу болушу үчүн анын инфраструктурасын жакшырууга өзгөчө көӊүл буруу керектигин айтты.

Ысык-Көл боюндагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Бул иш чыр менен коштолуп, тендерде финансы булактары каралбай калганы айтылган. Каттамдын жалпы узундугу 104 чакырым.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG