Ооганстандын президенти Ашраф Гани 24-апрелде коргоо министринин жана армия башчысынын отставкасын кабыл алды. Бул чечим өткөн аптада өкмөттүк армиянын базасына жасалган "Талибандын" ири кол салуусунан кийин болду.
"Коргоо министри Абдуллах Хабиби жана армия башчысы Кадам Шах Шахим өз ыйгарым укуктарын токтоосуз тапшырып беришти"- деп президенттин чечими тууралуу кабарды анын администрациясы Твиттерге жазды.
Президент Ганинин маалымат катчысы Шах Хусайин Муртазави министрлердин кызматтан кетүүсү өлкө түндүгүндөгү Балх провинциясынын Мазари Шариф шаарында жайгашкан армия базасына жасалган талиптердин чабуулуна байланыштуу экенин ырастады.
Ооган армиясынын формасын кийген "Талибандын" согушкерлери 21-апрелде базага кирип барып жума намаздан кайтып келаткан аскерлерге ок жаадырышкан. Чабуулда набыт кеткендердин так саны ушул күнгө чейин белгисиз. Расмий органдар 130дай киши мерт кетти десе, Коргоо министрлиги 100дөй киши өлтүрүлгөнүн билдирди.