Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Франциядагы шайлоодон кийин евронун курсу көтөрүлдү


23-апрелдеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен 7-майда өтүүчү экинчи айлампага чыгышты.
23-апрелдеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Эммануэл Макрон жана Марин Ле Пен 7-майда өтүүчү экинчи айлампага чыгышты.

Франциядагы жекшембиде өткөн президенттик шайлоодон кийин евронун долларга карата курсу эки пайызга көтөрүлдү. Европачыл көз караштагы талапкер Эммануэл Макрондун шайлоодо алдыга озуп чыкканы Азия жана АКШдагы баалуу кагаздар рыногундагы өсүшкө шарт түздү.

Бир нече сурамжылоолор көрсөткөндөй, борборчул Эммануэл Макрон жалпы добуштардын 24 пайызга чукулун, ашкере-оңчул Марин Ле Пен 21,5 пайыздан ашыгын алды. 23-апрелдеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен бул эки талапкер 7-майда өтүүчү экинчи айлампага чыгышты.

Консерватор Франсуа Фийон менен солчул Жан-Люк Меланшон 19,5 пайыздан көбүрөөк добушка ээ болушту. Бул шайлоодо Франциянын соңку тарыхында биринчи жолу салттуу эки партиянын талапкерлери экинчи айлампага өтпөй калышты. Биринчи айлампаны уткан талапкерлер элге кайрылуу менен чыгышты.

Ipsos-Sopra Steria жана Harris сыяктуу сурамжылоо компанияларынын жоромолу боюнча, экинчи турда Макрон добуштардын 62, Ле Пен 36 пайыздан ашыгын алат деп күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG