Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Москва менен 28 мамлекет мүчө шаркеттин ортосунда чыңалуу күчөп турган маалда Орусияга алгач ирет расмий сапар менен барат. Эки тарап тең 24-апрелде Москвада Могерини Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Украина, Сирия, Ливия, Иран жана башка суроолор боюнча сүйлөшөрүн билдиришти.
Могеринин кеңсесинен маалым болгондой "башкы комиссар Лавров менен тышкы саясат боюнча бир катар актуалдуу суроолорду, тактап айтканда Сириядагы жаңжалды талкуулайт". Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Москва "Евробиримдик менен кызматташууну калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү" күтүүдө.
Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери Орусиянын башка өлкөлөрдүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсүн айыптап келишет. Москва бул дооматтарды дароо четкен каккан. Ошондой эле Батыш мамлекеттери Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялап алганы үчүн жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга кийлигишкени үчүн Москвага санкцияларды киргизишкен. Андан башка Орусия менен Еврошаркеттин ортосунда Сириядагы алты жылдан бери уланып келаткан жаңжал боюнча да пикир келишпестиктер бар.