Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Арстанбапта жер көчкүдө калгандардын дагы бири көз жумду


Кырсык болгон жер
Кырсык болгон жер

Арстанбапта жер көчкү алдында калып жабыркагандардын дагы бири көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 24 жаштагы тургун дүйшөмбүнүн кечинде каза болду. Ал Базар-Коргон райондук ооруканасынын реанимациясына оор даражадагы травматикалык шок, жамбаш сөөгү сынган абалда жаткырылган болчу.

Жабыркагандардын дагы бири, ошол эле оорукананын реанимациясында жаткан 55 жаштагы жарандын абалын догдурлар өтө оор деп баалоодо.

23-апрелдин кечинде Жалал-Абад облусунда, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында болжол менен 300 куб метр көчкү жүргөн.

ӨКМ маалымдагандай, Жаңы-Хаят конушунда 8 адам таза суу түтүктөрүн оңдоп жүргөн, алардын 4нү жер көчкү басып калган. Көчкү алдында калгандардын бирөө кырсык болгон жерден, дагы бирөө ооруканага жетпей көз жумган, калган экөө догдурлардын колуна өткөрүлүп берилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG