Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Санарип жетпеген айылдарга атайын жабдуу орнотула баштады


Кыргызстанга автоматтык санарип ретрансляторлордун алгачкы партиясы келди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты.

Тогуз ретранслятор Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында орнотулат. Жалпысынан мындай жабдууну санарип телекөрсөтүү сигналдары жетпеген 326 айылга өткөрүү пландалууда. 

Быйыл 15-майда Кыргызстанда аналог телекөрсөтүү өчүрүлүп, өлкө толугу бойдон санарипке өтөрү пландалууда. Бирок аталган 326 айылда аналог сигналдары тиешелүү жабдуу орнотулуп бүткөнгө чейин сакталып турат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG