Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:19

Кыргызстанда "акыркы коңгуроо" майрамын оюн-зоок жайларда, кафе, ресторандарда жана жаратылышта өткөрүүгө, бул үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду.

Буйруктун аткарылышы ар бир мектепте күнү-түнү көзөмөл уюштуруу менен камсыз кылынат. Бул үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын, райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын башчылары жооптуу болот.

25-майга белгиленген "акыркы коңгуроону" мамлекеттик символика менен жасалгалап, Кыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен коштоо талабы да коюлду.

Кыргызстанда 2200дөй мектеп бар, аларда билим алган окуучулардын саны 1 миллиондон ашат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG