Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

"Кара тизмедеги" тажик ырчылары сахнага кайтууда


Шабнами Сурайё
Шабнами Сурайё

Шабнами Сурайё, Фарзонаи Хуршед, Манижа Давлат, Садриддини Начмиддин жана башка бир катар тажик эстрада жылдыздары узакка созулган тыныгуудан кийин мамлекеттик телеканалдардын эфиринен чыгып эле тим болбой, өкмөттүк расмий иш-чараларга катышмай болушту.

Күн мурун Тажикстандын Маданият министрлиги менен Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитети алар менен жолуккан.

Белгилүү тажик музыканты Фарход Зикировдун билдиришинче, аткаминерлер алардан жөнөкөй кийинүүнү жана репертуарларын кайра карап чыгууну талап кылган.

Музыканттын айтымында, жолугушууда чиновниктер эстрада жылдыздары жаштарга үлгү болуусу керектигин баса белгилешип, эне тилинде сүйлөй албаган айрым ырчыларды сындашкан. Мындан тышкары Жаштар жылынын урматына мекенчил ырларды ырдоого чакырышкан.

Соңку жылдары көптөгөн аткаруучулар менен музыканттар “кара тизмеге” илинип, мамлекеттик телеканалдардан чыкпай калышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG