Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

АСС кыргызстандык спортчу Шаршеев боюнча кайрылуу жасады


Дастан Али Шаршеев
Дастан Али Шаршеев

Орусиядагы спорттук судьялардын (калыстардын) агентствосунун (АСС) президенти Игорь Демидов өзүнүн Ютубдагы каналы аркылуу TNA лигасынын жетекчилигине кыргызстандык спортчу Дастан Али Шаршеевдин маселеси боюнча кайрылуу жасады.

Ал TNA лигасы маселени териштирүү үчүн бейтарап калыстардан турган комиссия түзүп, акыйкат чечим чыгарып, спортчунун дарегине орунсуз сөз айткан рефериге чара колдонууга чакырды:

- Социалдык тармактарда көпчүлүк колдонуучулар "орусиялык калыстарга уят!" деп жазып жатышат. Бул маселеде сын пикир жалпы калыстарга эмес, ошол таймашка көзөмөл кылган гана калыстардын дарегине түз айтылса жакшы болмок. Эгер TNA лигасынын калыстар бригадасына доо бар болсо анда аларга кайрылып териштирүү керек. Дастан Али Шаршеев жана ал машыккан спорттук клубдун жетекчилиги нааразычылыгын билдирип TNA лигасына кайрылыш керек го. TNA лигасы мелдеш эл аралык болгондуктан ар кандай мамлекеттин өкүлдөрүнөн куралган үч судьядан (калыстан) турган комиссия дайындашы шарт. Алар TNA эрежелерин так билип, эч бир тарапка тартпай, адилет чечим чыгарылышы зарыл. Экинчиден, спортчуга карата рефердин улутуна карап "эгер чечимге макул болбосоң өлкөдөн депортация болосуң" деп айткандары боюнча TNA лигасы чара көрүшү зарыл.

Игорь Демидовдун кайрылуусу:

​22-апрелде Татарстандын борбору Казан шаарында TATNEFT кубогуна арналган TNA эрежелери боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдешинин экинчи этабы өткөн. 1/8 финалда орусиялык Антон Калинин менен кыргызстандык Дастан Али Шаршеев беттешкен. Кыргызстандык спортчу жеңиш атаандашына ыйгарылгандан кийин рингден кетүүдөн баш тарткан. Мелдештин башкы калысы спортчуну рингден чыгууга көндүрүп жатып: "Баш ийбесең депортация болуп кайра өлкөгө кирбей калышың мүмкүн же жаап коюшу ыктымал? Сага мунун кереги барбы?" деп айткан.

Бул сөздөргө да муюбаган Шаршеев алып баруучунун микрофонун колуна алып TNA жогорку деңгээлдеги мелдеш болгондуктан калыстардын тажрыйбасы да жогору болушу керектигин, бирок калыс чечим болбогонун жана колдоого алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирип рингден чыгып кеткен.

Мелдештен кийин ал "Азаттыктын" кабарчысына маек куруп, учурда машыктыруучусу TNA эрежелерин толук окуп, апелляцияга берүүгө даярданып жатышканын айтып берди.

TNA лигасы азырынча Игорь Демидовдун кайрылуусуна жооп кыла элек. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG