Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

"Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына өттү


Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан "Караван" соода комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына, "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын балансына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматта Бишкектин Ленин райондук, шаардык сотторунун 2013-жылдагы жана Жогорку Соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтомдору менен Нариман Түлеев жана башкалар Кылмыш кодекси боюнча күнөөлүү деп табылганы жана алардын мүлкүн мамлекетке чегерүү каралганы айтылат.

Имараттын ичиндеги ижарачылар менен түзүлгөн ижара келишимдерин "Мүлк" мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү маселеси каралууда.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус ташып келүүдө жемкорлукка барган деген айып менен соттолгон. Ал өзүнө коюлган киненин баарын мыйзамсыз деп атап келет. Бишкектеги бир нече соода борбору Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG