Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Базар-Коргондо 50 турак үй сел коркунучу алдында турат


Иллюстрация
Иллюстрация

Ушу тапта Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 50 чакты турак үй сел алуу коркунучу алдында турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 25-апрель күнү Кара-Үңкүр дарыясында суу ашып, Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз участогунда 20 метр ички чарбалык жолду жарактан чыгарган.

Мындан тышкары төрт турак үйгө баруучу унаа каттамы жабылып калган. Учурда турак үйлөргө 500 метр аралыктан айланып баруучу ички чарбалык унаа жол бар.

Адистердин айтуусунда, дарыяда суунун деңгээли көтөрүлсө, 50 турак үйгө коркунуч жаралышы мүмкүн.

Синоптиктер 27-апрелден 1-майга чейин Кыргызстандын аймагында жаан-чачын көп болорун эскертүүдө.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG