Бүгүн эртең менен Чүй облусунда жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, саат 6:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен силкинүү катталды. Жердин титирөөсү Бишкек шаарынан 57 чакырым түштүк-чыгыш, Токмок шаарынан 30 чакырым түштүк-батыш тарапта сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)