Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө келишти. Райондун Кыз-Көл айыл аймагынын түрдүү айылдарынан келген 10дон ашуун тургун өкмөттөн үй курууга коопсуз жерден жер тилкесин бөлүп берүүнү талап кылышты.
Чогулгандар жер көчкү жүргөн кыш айларынан бери туугандарында жана токой чарбанын имараттарында жашап жатканын билдиришти. Алар беш жолу район акимине жана үчүнчү жолу облус жетекчилигине келип жатканын айтышты.
"Азаттык" радиосу бул маселе боюнча Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Автандил Кушбаковго кайрылды. Ал Кашка-Терек конушунан 11 гектар пайдаланылбай калган жер бөлүүгө даярдалып жатканын, бардык документтер даяр экенин, акимдин буйругун гана күтүп жатышканын айтты. Бул тилке 80 гана үй-бүлөгө жетет. Калган жарандарга башка жактан караштырылат.
Кыз-Көл айыл аймагында жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактан көчүрүлүүсү керек деген үй-бүлөлөрдүн саны 100дөн ашат. (RsK)