Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

27-апрелдин аба ырайы


Чукул эскертүү!

27-апрелден 1-майга чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын болуп, тоолорго кар түшөт.

28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткү топтолот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.

29-апрелден 1-майга чейин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -2° үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай аба ырайы жемиш бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөргө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жашылчаларга коркунучтуу.

Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек. Дарыяларда суу көбөйүп, сел жүрүшү мүмкүн.

27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кыска мөнөөтүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23,

Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23,

Баткен облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында +11...+16, күндүз +20...+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +16...+21,

Нарын жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз +2...+7 градус болот.

27-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 21…23 градус жылуу болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG