Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Орусия менен Кытай Түндүк Корея маселесинде Вашингтонду сындашты


THAAD
THAAD

Орусия менен Кытай ракетага каршы коргонуу системасынын (THAAD) бир бөлүгүн Түштүк Кореяга жайгаштыруу максатында жылдырганы үчүн Вашингтонду сынга алышты.

26-апрелде Москвадагы коопсуздук жыйынында сүйлөгөн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ аракеттерин Корей жарым аралындагы "абдан дестабилдештирүүчү фактор" деп баалады.

Ошондой эле "Пхеньяндын өзөктүк жана ракеталык программасын ишке ашырууну улантышына да, түндүккореялык коркунуч шылтоосу менен Кошмо Штаттардын жана алардын аймактык өнөктөштөрүнүн аскердик жигерин пропорционалдуу эмес кеңейтишине да" Орусиянын терең тынчсызданган позициясын ачыктады.

Кытай да бул маселеде Вашингтон менен Сеулга олуттуу тынчсыздануусун билдирген. Бээжиндеги жыйында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан Кытай АКШ менен Түштүк Кореяны ал системаны чыгарып кетүүгө чакырганын айтты.

АКШ Түндүк Кореянын коркунучунан улам THAAD системасын жайгаштырууга киришкенин март айында жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG