Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Аскер сотунун мурдагы төрагасынын иши сотко өттү


Аскер сотунун мурдагы төрагасы, “опузалап акча талап кылуу” жана “пара алуу” беренелери боюнча айыпталып жаткан Н.А. аттуу жарандын ишин Аскер прокуратурасы тергеп бүтүп, 26-апрелде сотко жиберди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2012-2014-жылдары 7-апрель окуясы боюнча ишти карап жаткан кезде соттолуучу Д.Д. аттуу адамдын туугандарынан 50 миң доллар алганы тергөөдө аныкталган.

"Бул мыйзамсыз ишти Н.А. Аскер сотунун төрагасы болуп турган учурда соттолуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүгө жана ага жумшагыраак өкүм чыгарууга убада кылып жасаган" деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Өткөн жылдын жайында Республикалык аскер соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси мамлекеттик күзөт кызматынан мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми экс-президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев сыртынан 27 жылга кескен.

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилген.

Бишкекте Ак үйдүн алдында 2010-жылкы элдик толкундоодо 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG