Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Дача СУга чогулган акча жеке эсептерге которулду


Дача СУ айылы, январь, 2017-жыл
Дача СУ айылы, январь, 2017-жыл

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына деп элден чогулган акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен алардын жеке банк эсептерине которулду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Чогулган акчанын жалпы суммасы 100 миллион 499 миң 300 сом.

Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, каражат ар бир жеке эсепке жабыркагандардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча которулду. Ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча түрдүү механизмдерге жол бербөө үчүн үй сатып алууга бөлүнгөн каражатты башкаруу мамлекеттик комиссиянын көзөмөлүндө калтырылды.

Мындан тышкары «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

Быйыл 16-январда Бишкектин "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына учак кулап, 39 өмүр кыйылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG