Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:41

Калининградда экстремизмге шектелген 12 борбор азиялык кармалды


Орусиянын Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы (ФСБ) шаршембинин кечинде экстремисттик уюмга тиешеси бар делген 12 борбор азиялык Калининград шаарында кармалганын билдирди. Ушул эле күнү ФСБ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун эки ыктымал тарапташын Түштүк Сахалин шаарында камакка алганын маалымдаган. Алардын бири Борбор Азиядан экени кабарланды.

Атайын кызматтын билдиргенине караганда, кармалгандар «Ислам жихады - мужахидин жамааты» кыймылы менен байланышта болушу ыктымал жана бул уюмга согушкерлерди үндөө менен алектенип келишкен деп жоромолдонууда.

ФСБ тараткан билдирүүдө бул уюмдун ыктымал лидерине расмий Ташкент издөө жарыялаган. Ал Өзбекстанда экстремизмге шектелүүдө.

Польша менен Литванын ортосунда жайгашкан Калининград шаарында Орусиянын Балтика флоту жайгашкан аскерий маанилүүлүгү жогору аймак катары саналат.

Акыркы бир ай ичинде Орусия бийликтери ондон ашуун борбор азиялыкты өлкө аймагында террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн деген шек менен кармап жатат.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча кармалгандардын көбү борбор азиялыктар экени буга чейин кабарланган. Орусиянын расмий органдары метродо өзүн жардырды делген адамды Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG