Кытай бийликтери өлкөнүн түндүк батышындагы Шинжаң уйгур автоном облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайларга диний мааниси бар мусулман ысымдарын коюуга тыюу салды.
Бул маалыматты "Эркин Азия" радиосуна 25-апрелде облустун расмий өкүлү ырастады. Анын айтымында, Ислам, Куран, Жихад, Саддам, Медина сыяктуу ондогон ысымдарга жакында эле Кытайдын Коммунистик партиясы сунуштаган "Этникалык азчылыктар үчүн ысым коюу эрежелери" жобосунун алкагында тыюу салынды.
Шинжаң уйгур автоном облусунун борбору Үрүмчү шаардык полиция бөлүмүнөн маалым болгондой, тыюу салынган ысымдар менен катталган наристелер медициналык камсыздоого жана билим алууга мүмкүнчүлүк берген мамлекетттик каттоо системасына киргизилбейт.
Бул эреже аймактагы этникалык мусулман азчылыктарынын баарына, анын ичинде 10 миллиондой уйгур, 1,5 миллиондой казак, 150 миңдей кыргыз, беш миңдей татар, төрт миңдей тажик жана миңдеген дунган азчылыктарына жайылат.
Эки жыл мурда аймакта болгон бир катар террордук чабуулдардан жүздөн ашуун адам өлүп, экстремизмге каршы катуу күрөш жарыяланган. Анын алкагында ондогон адамдар камакка алынып, жергиликтүү уйгурлардын нааразылыгын жараткан.