Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Өзбекстанда укук коргоочу ага кол салуу болгонун билдирди


Өзбекстандык укук коргоочу Исмаил Маллабаев.
Өзбекстандык укук коргоочу Исмаил Маллабаев.

Өзбекстандык 68 жаштагы активист жана укук коргоочу Исмаил Маллабаев 26-апрелге караган түнү ага белгисиз адамдар кол салышканын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына билдирди. Эл аралык "Жалындаган жүрөктөр клубу" уюмунун мүчөсү Маллабаев денесине залака келтирилгенин кошумчалады.

- 26 апрелге караган түнү мага белгисиз адамдар кол салышып, бети-башыма ургулашты. Жыйынтыгында мен Фергана шаардык Тез жардам кызматын чакырууга аргасыз болдум. Дарыгерлер милиция чакырышты. Ушул тапта укук коргоо кызматкерлери иликтөө жүргүзүп жатышат. Бул кол салуу менен кесиптик ишмердүүлүгүмө байланыштуу жасалды деп эсептейм.

26-апрелде Фергана облусуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин келиши күтүлүп жаткан. Активист Исмаил Маллабаев айрымдардын суранычы менен Мирзиеевге жергиликтүүлөрдүн арыз-муңун жеткирүүгө аракет кылмак. Маллабаевдин айтымында, өлкө башчысы Ферганага келген эмес. Ал эми жарандарды жергиликтүү администрация башчылары кабыл алышкан.

Малабаев ошондой эле бир нече ирет президенттин администрациясына, өкмөттүн кабылдамасына жана Башкы прокуратурага Фергана облусундагы укук бузуулар боюнча кайрылганын айтат. Бирок андан эч майнап чыккан эмес.

"Эл аралык мунапыс" уюмунун 31-мартта чыккан баяндамасында өзбек бийлиги укук коргоочулар, журналисттер жана саясий активисттердин өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайларды түзүп, же көзөмөл жүргүзүп турары белгиленет.

Эгемен Өзбекстанда президент Ислам Каримов темирдей бекем режим орнотконун укук коргоочулар айтып келишкен. Өткөн жылы анын көзү өткөн соң бийлик башына премьер-министр Шавкат Мирзиёев келген. Мирзиёев 30 миллион калктуу Өзбекстанда күч түзүмдөрү баштаган бир катар тармактарда реформа жүргүзөрүн жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG