Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Канттагы окуучунун өлүмү иликтенүүдө

Чүй облусунун Кант шаарындагы мектеп окуучусунун өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициянын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди. 19-апрелде шаардагы жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринен өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү делип 2001-жылы туулган шаардын тургуну, өлтүрүлгөн баланын классташы кармалып, камакка алынды. “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Өткөн аптада эки өспүрүм, бири апасын, экинчиси чоң энесин өлтүрүп камалган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG