Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:14

Бул тууралуу бүгүн парламентте отчет берип жатып премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан-Кытай темир жолу боюнча түзүлгөн үч тараптуу жумуш тобу иштерди жүргүзүүдө. Өткөн жылдын соңунда Кытай жана Өзбекстандан адистер келип, эксперттердин деңгээлинде талкуу өткөн.

- Үч тараптуу жумуш тобу үч жолу отурум өткөрдү. Иштер жүрүп жатат. Азыр эки вариант каралууда. Ушул варианттын бирине токтоо боюнча талаш маселе бар. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын ойлоп жатат. Биз Торугарт, Ат-Башыдан Жалал-Абадга чейин келген маршрут вариантын карманып жатабыз.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Бирок каржы маселеси боюнча орток пикир табылбай келүүдө. 2012-жылдагы вариант боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга 6-6,5 млрд доллар кетет деп айтылган. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG