Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Караколдо бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү


Каракол, 27-апрель, 2017-жыл
Каракол, 27-апрель, 2017-жыл

Бүгүн Каракол шаарынын борбордук аянтында бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү. Жалпысынан 300дөй вакансия жумуш издегендердин алдына коюлду.

Иш-чараны шаардагы эки кесиптик лицей уюштурду. Ага 12 мекеме, ишкана катышты. Алардын көбү уюлдук байланыш операторлору, курулуш компаниялары, кафелер жана конок үйлөр.

Караколдун калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн маалыматына караганда, шаарда 700дөй жаран жумушсуз деген макамда.

Кыргызстанда жумушсуздуктун жалпы деңгээли 10% тегерегинде. Ишсиз жүргөндөрдүн көбүн жаштар түзөт. (AsM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG