Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Ооганстанда ИМ тобу менен согушта АКШнын эки аскери окко учту


Ооганстан
Ооганстан

Америкалык эки аскер Ооганстандын Нангархар провинциясында ИМ тобу менен байланышы бар топтор менен согушуп жатып, набыт болгон. Пентагондун басма сөз катчысы Жефф Дэвистин айтымында, жоокерлер Ооганстанда жана Пакистандагы "ИГИЛ Хорасан" уюмуна каршы операция учурунда окко учкан.

Нангархарда согушкерлер өкмөттүк күчтөргө жана аларды колдогон америкалык аскерлерге каршы чыгууда. 13-апрелде аталган аймакка бомба ташталып, андан 94 согушкер өлгөнү кабарланган.

CNN маалыматы боюнча, өлгөн америкалыктар атайын бөлүмдүн мүчөлөрү болгон. Дагы бир аскер жараат алган.

АКШ баштаган антитеррордук альянс Ооганстандан аскерлерин 2013-жылы алып чыгып кеткен. Учурда азыраак өлчөмдөгү америкалык аскерлер өкмөттүк аскерлерге окутуп-үйрөтүү иштерин жүргүзүшүүдө.

XS
SM
MD
LG