Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Москвада белгисиз адам Алексей Навальныйга зеленка чачып кетти


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Оппозициялык саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдиргендей, окуя Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кеңсесинин алдында болгон.

Кол салуудан кийин оппозиционер ооруканага жеткирилди – зеленка анын көзүнө кирип кеткен. Ага «оң көзү химиялык күйүк алган» деген диагноз коюлду.

«Учурда анын көзү көрүп, бирок ооруп жатат. Азырынча мунун эмнеге алып келе тургандыгы түшүнүксүз. Полиция арызыбызды кабыл алды, бирок видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды алууга ашыккан жок. Биз кылмыш ишинин козголушун жана тергөөнү талап кылабыз», – деп билдирди Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын башчысы Леонид Волков.

​Мартта Барнаулда Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын ачылышы болуп жатканда да ага зеленка чачып кетишкен. Анда кол салууга карабастан саясатчы тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн.

Алексей Навальный 2018-жылы президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Анын талапкерлигин 400 миңден ашык орусиялык колдоду. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан саясатчынын 25 штабы ачылды.

Мартта Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Андан сон Орусиянын бардык аймактарында жемкорлукка каршы нааразылык акциялары өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG