Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Македонияда демонстранттар депутаттарды тепкиге алышты


тепки жеген депутат Зоран Заев
тепки жеген депутат Зоран Заев

Македонияда 27-апрелде ВМРО, же Улуттук биримдик партиясынын 200дөй тарапкери парламентке кирип барышып, айрым депутаттарды ур-тепкиге алышты.

Жабыркагандардын арасында социал-демократтардын лидери Зоран Заев жана үч албан депутаты бар. "Албан альянсынын" лидери Зиядин Села оорураак жараат алып ооруканага жеткирилген. Имараттын ичи-тышында полиция менен кагылышта дагы 77 адам жаракат алганы кабарланат.

Демонстранттар социал-демократтар менен этникалык албандардан куралган көпчүлүк коалиция албан депутат Талат Заферини спикерликке шайлашына нааразы. Жыйырма жылдай парламенттик көпчүлүктө болуп, өкмөттү курап келген ВМРО 2016-жылкы шайлоодо көп мандат алса да оппозицияда калган.

АКШ жана Евробиримдик зомбулукту токтотуп, ВМРОнун тарапкерлерин саясий прогресстин жыйынтыгына моюн сунууга, демократиялык принциптердин негизинде иштешүүгө чакырышты.

Македония президенти, ВМРО лидери Георге Иванов бардык партия лидерлерин 28-апрелде жолугууга, элин тынчтыкка чакырды.

Президент коалициянын өкмөттү түзүүсүнө бөгөт коюп келет. Көпчүлүк коалициянын программасында албан тилине расмий макам берүү каралган. Македониянын 2,1 миллиондой калкынын 25% албандар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG