Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Электрондук паспорт алгач бекер берилет


Кыргызстанда 1-майдан тарта электрондук паспорт бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн жолугушууда айтылды.

Анда белгиленгендей, электрондук биометрикалык паспорт Борбор Азияда алгачкы жолу киргизилип жатат жана ал Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун талаптарына жооп берет.

Президент Алмазбек Атамбаев электрондук паспортко өтүү Кыргызстанда ачыктыкты камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү, таза шайлоо өткөрүү жана коопсуздук сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун белгилешинче, жаңы паспорт менен жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар аркылуу тейленүүсү кыйла жеңилдейт жана сапат жогорулайт. 31-декабрга чейин бекер бериле турган паспортторду алуу мөөнөтү эки эсе кыскарып, 14 күндү түзөт.

Жаңы паспортто жарандын үй-бүлөсү, дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери тууралуу жана башка 19 маалымат камтылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG