Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:04

Жаңы паспортто "улут" графасы чиптин ичине жазылат


Кыргызстанда 1-майдан тарта бериле баштай турган жаңы паспортто жарандын улуту документтин көрүнүп туруучу сырт жагына эмес, ичине тиркелүүчү чипке жазылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Эржигитовдун белгилешинче, "улут" деген графа жарандын каалоосу боюнча гана толтурулат. Эгер аны жаздыргысы келбесе, бош бойдон калат.

1-майда Кыргызстан электрондук паспортко өтөт. Сыртынан азыркы ID картага окшогон паспорттун ичинде атайын чип болот. Анда жаран тууралуу 19 маалымат камтылат. Сыртына азыркы ички паспорттогудай эле аты-жөнү, туулган, жашаган жери, паспорттун жарактуу мөөнөтү деген сыяктуу жалпы маалыматтар чыгарылат, калганы ички чипте болот.

Электрондук паспорт маселеси бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Сапар Исаков жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн жолугушуусунда талкууланды.

Анда белгиленгендей, электрондук биометрикалык паспорт Борбор Азияда алгачкы жолу киргизилип жатат жана ал Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун талаптарына жооп берет.

31-декабрга чейин бекер бериле турган паспортторду алуу мөөнөтү эки эсе кыскарып, 14 күндү түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG