Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:21

Лондон: антитеррористтик операцияда алты киши кармалды


27-апрелде Лондондо бычакчан киши кармалган

Бейшембинин кечинде Лондондо террордук кутумга шектелип алты киши кармалды. Бул тууралуу Британиянын терроризм менен күрөш кызматынын ага координатору Нейл Басу билдирди.

Атайын операция учурунда шектүүлөрдүн бири, 20 жаштагы кыз полициянын огунан жараат алган.

Андан бир нече саат мурда өкмөт үйүнүн жанында бычак алып жүргөн жеринен кармалган киши камакта.

"Кечээги кармоолор менен биз алардын коркунучунун алдын алдык" - деген Басу эки окуянын бири-бирине байланышы жоктугун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG