Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

29-апрелдин аба ырайы


29-апрелде түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондоруна жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15;

Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 12...18;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5.

Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15°

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG