Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:28

Ванда айыл коргоочу кыргыздардын бири окко учту


Сирияга гумжардам жөнөтүп аткан вандык кыргыздар. 2016-жыл

27-апрелде Түркиянын Ван аймагында элдик кошуунга ок атылып, Назым Ташкент аттуу кыргыз айыл коргоочусу набыт болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Кошар билдирди.

"Түркияда тынчтык болбой, үч жарадар бар, бир адам окко учту. Баары айыл коргоочулары", дейт айыл башчысы.

Жаракат алышкан Түнай Эргин, Токтокожо Арысой, Шермат Эржан аттуу жарандар ооруканада.

Окуя аймактын Долужа айылынын четинде болгон. Кошардын айтымында, түнкү ондор чамасында ок ачкандар күрт жикчилдери. Ушул убакытка чейин күрт жикчилдерине чектеш аймактарды коргоо учурунда жалпы беш кыргыз өлүп, ону жараат алышкан.

Түркияда күрт жикчилдери менен өкмөттүк күчтөрдүн куралдуу кагылышы отуз жылдан бери токтобой келет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG